Биз менен байланышыңыз

Нуржигит Кадырбеков «Ыйман» фонду боюнча сурак берип чыкты

Кыска кабар | 22 Авг 2024 | 179 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке сурак берип чыкты.

Ал УКМКга «Ыйман» фондунун иши боюнча чакырылган.

Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, «Ыйман» фондунун ишмердигине байланыштуу күбө катары көрсөтмө бергенин айтты. Ошондой эле тергөөнүн купуялуулугуна байланыштуу калган маалыматтарды айта албастыгын билдирди. 

Депутат бүгүн түштөн кийин УКМКга суракка кирген. Аны тергөөчү телефон чалып чакырганын айтып, жактоочусуз келген. 

Copyright © 2017 Maral FM