Биз менен байланышыңыз

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунда 2,6 млрд сомдук дал келбестик аныкталды

Кыска кабар | 22 Авг 2024 | 185 | 0

Бүгүн, 22-августта Эсептөө палатасынын Кеңешинин отуруму болуп өттү, анда Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө өткөн жылдын отчету каралды.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча боюнча дал келбестиктердин жалпы суммасы 2 млрд 641 455,1 миң сомду түзгөн, анын ичинде бузуулардын категориясына карата:

Каржылык тартип бузуулар -160 млн 121,9 миң сом, анын ичинен: 60 млн 755,2 миң сом ордуна коюлууга тийиш, 40 млн 104,4 миң сом ордуна коюлган, калдыгы 20 млн 652,1 миң сом,  анын ичинен:

  • акча каражаттарынын, товардык материалдык баалуулуктардын жетишпестиги – 310,8 миң сом;
  • эмгек акыга негизсиз үстөк жана жөлөк пулдарды, компенсацияларды жана башка төлөмдөрдү төлөөгө байланышкан бузуулар -89 млн 956,9 миң сомду;
  • тастыктоочу документтерисиз чыгымдалган каражаттар  — 269,0 миң сомго;
  • курулуш-монтаждоо иштеринин наркын жана көлөмүн ашыкча баалоо — аткарылган иштердин актысында курулуш монтаж иштеринин көлөмүн жогорулатуу 13 млн 328,9 миң сом;
  • максатсыз колдонулган каражаттар — 9 млн 235,8 миң сом;
  • дебитордук карыздарды эсепке алуудагы бузуулар — дебитордук карызды бухгалтердик эсепте чагылдырбоо — 38млн  964,4 миң сом;
  • бюджеттин кошумча эсептелинген кирешелери -7 млн  601,5 миң сом ж.б.

Башка бузуулар- 2 млрд 481 333,2  миң сом, анын ичинде:

  • бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчеттуулуктун тартибин бузуу, бухгалтердик эсепте негизги каражаттарды таануу жана аммортизациялоо боюнча мыйзам талаптарын аткарбоо бухгалтердик эсептин жана отчеттуулуктун тартибин бузуу – 734млн  644,5 миң сом;
  • Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү бузуулар – 270 млн 207,4 миң сомго сатып алуулар жол-жоболору өткөрүлгөн эмес;
  • Милдеттенмелерди кабыл алуу жана тастыктоо жана бекитилген көрсөткүчтөрдөн ашыкча чыгымдоо (негизсиз үнөмдөөдөн эмгек акыга  төлөнгөн каражаттар) – 1 476 481,3 миң сом.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM