Биз менен байланышыңыз

Asman Airlines мамлекеттик авиакомпаниясынын мобилдик тиркемеси иштей баштады

Кыска кабар | 22 Авг 2024 | 148 | 0

Asman Airlines мамлекеттик авиакомпаниясынын мобилдик тиркемеси иштей баштады. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Дайырбек Орунбеков видео жарыялады.

Анын айтымында, авиакомпания жакынкы күндөрү жүргүнчүлөрдү тейлеп баштайт. Буга байланыштуу атайын мобилдик тиркемесин иштеп чыкты, аны жарандар көчүрүп алып, каттамдар жана билеттин баалары тууралуу маалымат алса болот.

«Мамлекеттик “Asman Airlines” авиакомпаниясына сатып алынган алгачкы учак сентябрь айынын башында келет. Экинчи учак ушул жылдын октябрь айында, кийинкиси 2025-жылдын жазында каттамга коюлат», — деди ал.

Белгилей кетсек, авиакомпаниянын тиркемесинде билеттин баасы 2 миң сомдон башталат. Мисалы Бишкек-Баткен багыты боюнча билеттердин баасы октябрь айына 3300 сомдон көрсөтүлүүдө. Мамлекеттик авиакомпания Жалал-Абад, Талас, Ош, Бишкек, Раззаков, Казарман, Баткен аэропортторуна рейстерди ачуусу күтүлүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM