Биз менен байланышыңыз

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу боюнча жыйын өттү

Кыска кабар | 20 Авг 2024 | 137 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги астында Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын биринчи жыйыны өттү. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинен билдирди.

Маалыматка ылайык, отурумда кыргыз өкмөтү менен «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жол компаниясы” жоопкерчилиги чектелген коому биргелешкен долбоордук компаниясынын ортосундагы инвестициялык макулдашуу каралды.

Жыйын соңунда тиешелүү министрликтерге, комитет, административдик ведомстволорго, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мамлекеттик ишканаларга жана уюмдарга тапшырмалар берилип, ведомстволор аралык комиссиянын иш процессинде пайда болгон маселелерди өз убагында сапаттуу чечүү жүктөлдү.

Ушул жылдын 6-июнунда Кытайдын Пекин шаарында Кыргызстан, Кытай жана Өзбекстан өкмөттөрүнүн ортосундагы «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолу долбоорун биргелешип илгерилетүү боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлган.

Жогорку Кенеш 19-июндагы жыйынында «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол долбоору боюнча макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоорун үч окууда талкуусуз кабыл алган. Ага президент Садыр Жапаров 27-июнда ко койгон.

Үч өлкөнүн темир жол администрациялары менен биргелешкен долбоордук компания түзүлүп, курулуш – эксплуатациялоо – өткөрүп берүү модели боюнча ишке ашырылат.

Биргелешкен долбоордук компаниянын ишмердүүлүгүн камсыздоо максатында кытай тараптын ыйгарым укуктуу уюму 51%, ал эми кыргыз жана өзбек тараптын ыйгарым укуктуу уюмдары 24,5% алат.

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Азамат Сакиев долбоор 2024-жылдын октябрында башталарын айткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM