Биз менен байланышыңыз

УКМК «Токмок» автобекетин мамлекеттин балансына өткөнүн билдирди

Кыска кабар | 19 Авг 2024 | 158 | 0

«Токмок ПАТП» ААКны (автобекет) мыйзамсыз менчиктештирүү фактысын аныкталып, мамлекеттин балансына өткөрүлдү. бул тууралуу Улуттук Коопсуздук мамлекеттик комиттети билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, 1997-жылы ар кандай үлүштөрү бар жеке адамдар тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген, «Токмок ПАТП» ААКны (автобекет) мыйзамсыз менчиктештирүү фактысын аныктады. Ошол эле учурда мамлекеттин үлүшү 30%ды түзүп, бирок мамлекет «Токмок ПАТП» ААКтын ишмердүүлүгүнөн эч кандай дивиденд алган эмес.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө аталган акционерлер «Токмок ПАТП» ААК Токмок автобекетинин мыйзамсыз менчиктештирилген фактысын таанып, базар баасы 117 млн сомдон ашык болгон аталган объектти жер тилкеси жана административдик имараты менен өз ыктыяры менен мамлекеттин балансына өткөрүп берген.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети буга чейин да бир канча мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен оъектилерди аныктап, мамлекетке өткөргөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM