Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча Баткенде жолугушуу болду

Кыска кабар | 19 Авг 2024 | 88 | 0

11-августтан 17-августка чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жана делимитациялоо боюнча жолугушуу Баткен шаарында болду.

Ага Кыргызстандын жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жана топографиялык жумушчу топтору катышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар талкууну улантып, калган тилкелерде кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүүсүн сыпаттоо боюнча сунуштар менен алмашышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду. Тараптар калган аймактарды сыпаттоо иштерин келээрки жумада Тажикстандын аймагында боло турган кезектеги жолугушууда улантат.

Буга чейин эки тараптын тиешелүү өкүлдөрү бир нече жолу жолугушуу өткөргөн. Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 972 чакырымды түзөт. 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM