Connect with us

Ысык-Көлдө унаа сүзүп кеткен жол тескөөчүнүн абалы министрдин көзөмөлүндө

Кыска кабар | 17 Авг 2024 | 262 | 0

Ысык-Көлдө жол кыймылын жөнгө салуу учурунда унаа сүзүп кеткен кызматкердин ден соолугунун абалы ички иштер министри Улан Ниязбековдун көзөмөлүндө.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, бул кызматкер Бишкек шаарынан Ысык-Көл облусуна кызматтык иш-сапар менен барып, кызмат өтөө учурунда (жол тыгынын жөнгө салып жатканда) «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаа сүзүп кеткен. Ал дароо ооруканага жеткирилип, учурда медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

«Саламаттыкты сактоо министрлиги менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, Ысык-Көлдөн Бишкек шаарына алып келинүүчү медициналык кызматтык унаа даяр. Медицина кызматкерлери уруксат берсе дароо Бишкек шаарына алып келинет. Андан ары кызматкердин ден-соолугун калыбына келтирүү үчүн бардык чаралар көрүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM