Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда орточо айлык акы 35 миң 298 сомду түздү

Кыска кабар | 12 Авг 2024 | 373 | 0

2024-жылдын жарым жылдыгында чакан ишканаларды эсепке албаганда бир кызматкердин орточо айлык акысы 35 миң 298 сомду түздү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч 2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 10,6 %га, ал эми реалдуу эмгек акынын өлчөмү керектөө бааларынын индексин эске алуу менен – 5,2 %га өскөн.

2024-жылдын январь-июнунда өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу номиналдык эсептелген орточо айлык эмгек акынын өсүү темпинин жогорулашы экономикалык ишмердиктин бардык түрдөгү ишканаларында жана уюмдарында байкалды, — деп айтылат билдирүүдө.

Алардын эң олуттуу жогорулашы башка тейлөө ишмердиги (41,5 %), дүң жана чекене соода, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо (30,7 %), курулуш (27,2%), суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу (27,0 %), пайдалуу кендерди казуу (24,1 %), кыймылсыз мүлк операциялары (22,6 %), кесиптик, илимий жана техникалык ишмердик (21,4 %), транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо (16,4 %), ошондой эле финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу (16,1 %) чөйрөлөрүндө байкалган.

Copyright © 2017 Maral FM