Биз менен байланышыңыз

Олимпиада: Мунарбек Сейитбек уулу күмүш медалдын ээси

Кыска кабар | 11 Авг 2024 | 492 | 0

Париж Олимпиадасынын алкагында бокс боюнча 57 кг салмакта кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу финалдык беттеш өткөрдү.

Ал өзбекстандык атаандашы Абдумалик Халоковго 5:0 эсебинде жеңилип, күмүш медаль тагынды.

Белгилей кетсек, Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиада оюндарында бокс боюнча финалдык баскычка чыккан алгачкы мушкер.

 

Copyright © 2017 Maral FM