Биз менен байланышыңыз

Айсулуу Тыныбекова Олимпиаданын коло медаль ээси

Кыска кабар | 11 Авг 2024 | 621 | 0

Балбан кыз Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча коло медалдын ээси болду.

Коло үчүн күрөштө Тыныбекова Монголиянын балбаны менен күрөшүп, эң акыркы 10 секундда 4 баллдык ыкма менен атаандашын жеңди.

Айсулуу Тыныбекова ушуну менен Олимпиаданын экинчи медалын алууда. Буга чейин Токио-2020 Олимпиадасында күмүш медаль тагынган.

Учурда Кыргызстандын капчыгында Париж-2024 Олимпиадасында 3 коло, 1 күмүш медаль болду.

Copyright © 2017 Maral FM