Connect with us

Жалал-Абад: Көк-Жаңгакта жаңы бокс боюнча машыгуу залы ачылды

Кыска кабар | 10 Авг 2024 | 140 | 0

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Көк-Жаңгак шаарында жаңы бокс ордосу ачылды.

Имараттын ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы, Кыргызстандын бокс федерациясынын вице-президенти Камчыбек Ташиев катышты.

Спорт ордосунун ордунда буга чейин эски спорт залы болуп, жергиликтүү балдар машыгып келишкен. Анда спортчулар үчүн керектүү шарттар жок болчу. Ал эми имарат 2005-жылдары ашар жолу менен курулуп, талаптарга жооп берген эмес, ошол эле маалда эскилиги да жеткен.

Анда боксчулар жана башка спортчулар үчүн машыгуу каражаттары толугу менен камсыздалып, ыңгайлуу шарттар түзүлдү.

Бокс ордосу учурда 200гө жакын спортчуну кабыл алууга даяр.

Ачылыш аземинде Камчыбек Ташиев бокс ордосунан бүгүнкү күндө Кыргызстанды бүткүл дүйнөгө таанытып, Олимпиада оюндарынын финалына чыккан Мунарбек Сейитбек уулундай боксчулар көп чыгат деген ишенимин билдирди.

«Бул ордо жаштарыбыздын, келечек муундун сүйүктүү спорт ордосу болуп калышына тилектешмин», — деди ал.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM