Биз менен байланышыңыз

Жапониянын премьер-министри Борбор Азияга сапарын токтотту

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Авг 2024 | 911 | 0

Жапониянын премьер-министри Фумио Кисида Жапония аралдарынын аймагындагы катуу жер титирөө коркунучунан улам Казакстан, Өзбекстан жана Монголияга сапарын токтотту.

Борбор Азия жаңылыктар кызматы жапон маалымат агенттиктерине таянып маалымдагандай, премьер-министр мындай чечимди Жапониянын метеорологиялык агенттиги Нанкай жаракасынын аймагында ыктымал күчтүү жер титирөө тууралуу эскерткенден кийин кабыл алды.

Буга чейин Фумио Кисида Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу менен 9-10-августта Астанада боло турган Борбор Азия өлкөлөрүнүн саммитине катышуу үчүн барары, Жапониянын тарыхында биринчи жолу Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан менен биргелешкен декларация жарыяланары кабарланган.

Japan Times гезити премьер-министрдин сапары учурунда Токио аймакка экономикалык жардам көрсөтүү пакетин жарыялайт деп күтүлүп жатканын жазган.

Акыркы жылдары жапон сейсмологдору Жапониянын башкы аралы болгон Хонсю аралынан түштүк-чыгышын карай жайгашкан Нанкай жаракасынын аймагында жер титирөө болушу мүмкүн экенине абдан тынчсызданып жатышат. Ар бир 100-200 жылда ал жерде күчү 8 баллга жеткен катуу жер титирөөлөр болуп турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM