Биз менен байланышыңыз

«Эл үмүтү» стипендиясына ээ болгон студенттердин тизмеси жарыяланды

Кыска кабар | 9 Авг 2024 | 267 | 0

Президенттин «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясын ыйгаруу боюнча республикалык комиссия биринчи окуу жылына 22 талапкерди жана экинчи окуу жылына 6 арызды жактырды.

Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

2024-2025-окуу жылына карата биринчи окуу жылы үчүн стипендия алууга төмөндөгү талапкерлер бекитилди:

Абдурахманова Асель Келдибековна – Джонс Хопкинс университети, “Коомдук саламаттыкты сактоо” программасы боюнча магистратура;

Абдыибраева Айтбүбү Нарынбаевна – Ноттингем университети, “Компьютердик илим жана жасалма интеллект” программасы боюнча магистратура;

Жолдошалиева Мира Жолдошалиевна – Вестерн университети, “Бизнес аналитика” программасы боюнча магистратура;

Канатова Мээрим Канатовна –Пенсильвания университети, “Окутуучу илимдер жана технологиялар” программасы боюнча магистратура;

Карыбекова Айгерим Женишбековна – Колумбия университети,“Технологиялардын менеджменти” программасы боюнча магистратура;

Касымова Бермет Данияровна –Карнеги Меллон университети, “Архитектура” программасы боюнча магистратура;

Курманбекова Айгерим Курманбековна – Берклидеги Калифорния университети, “Маалыматтык башкаруу жана системалар” боюнча магистратура;

Торогулова Асел Шерикбековна – Карнеги Меллон университети, “Продукциялар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн интеграцияланган инновациялар” программасы боюнча магистратура;

Турумбекова Турсунай Алмазбековна – Дьюк университети, “Маалымат илими жөнүндө” программасы боюнча магистратура;

Алимжанов Бакыт Алимжанович – Эдинбург университети, “Климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү каржылоо жана инвестициялар” программасы боюнча магистратура;

Аязбаев Ислам Марсович – Чикаго университети, “Мамлекеттик саясат” программасы боюнча магистратура;

Кыдырова Элида Бекназаровна — Минесота университети, “Коомдук илимдер жана менеджмент” программасы боюнча магистратура;

Стамбекова Айпери Азатбековна – Оксфорд университети, “Айлана-чөйрөнү өзгөртүү жана башкаруу” программасы боюнча магистратура;

Таджибаева Севара Талипжановна – Гарвард университети, “Дизайн, инновация жана технология тармагында окутуу” программасы боюнча магистратура;

Тиленбаева Камила Жолдошбековна – Нью-Йорк университети, “Корпоративдик укук” программасы боюнча магистратура;

Ырысбекова Нуржамал Ныязалиевна – Бостон университети,  “Долбоордук менеджмент” программасы боюнча магистратура;

Осмонова Алина Арслановна – Чикаго университети,  “Экономикалык саясат” программасы боюнча магистратура;

Кыдырова Жибек Сатындыевна – Лейден университети, “Укук жана маалыматтык технологиялар” программасы боюнча магистратура;

Жеенбекова Алымкан Суеркуловна – Гумбольдт атындагы Берлин университети, “Фольклористика” адистиги боюнча философия доктору (PhD) программасы;

Канатбекова Мээржан Канатбековна – Вена техникалык университети, “Кванттык эсептөө” адистиги боюнча философия доктору (PhD) программасы;

Кылычбеков Салижан Кылычбекович – Оксфорд университети, “Кванттык программалоо” адистиги боюнча философия доктору (PhD) программасы;

Момошова Асель Кадыржановна – Кембридж университети, “Жер экономикасы” адистиги боюнча философия доктору (PhD) программасы.

“Эл үмүтү” эл аралык стипендиясын экинчи окуу жылы үчүн алууга төмөндөгү талапкерлер бекитилди:

Асаналиева Адель Бакытовна – Батыш Австралия университети, биомедициналык илимдер боюнча магистратура;

Асанова Салия Белековна – Берклидеги Калифорния университети, “Маалыматтык менеджмент жана системалар” программасы боюнча магистратура;

Тураткан кызы Жанылай – Дьюк университети, “Дисциплиналар аралык маалымат илимдери” боюнча магистратура;

Абабакиров Нуршат Абдисаламович – АКШ, Колумбия университети, Эл аралык жана коомдук иштер мектебинин (SIPA) өнүктүрүү практикасында мамлекеттик башкаруу боюнча магистратура;

Якубжанова Хилола Оманжановна – Корнелл университети, мамлекеттик башкаруу боюнча магистратура;

Ашырмаматов Исламбек – Сеул улуттук университети, фармацевтика илимдери адистиги боюнча PhD.

«Эл үмүтү» эл аралык стипендиясы таланттуу жаштарга чет өлкөдө билим алууга колдоо көрсөтүү жана шыктануусун арттыруу, социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча жаңы муундун адистерин даярдоо үчүн шарттарды камсыздоого багытталган.

Copyright © 2017 Maral FM