Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: Көпчүлүк аймакта өткүн өтөт

Кыска кабар | 9 Авг 2024 | 107 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 10-августтан 12-августка чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Мекеме бийик тоолордо жүрүш жасоону жана саякаттоону, капчыгайларда, дарыя жээктеринде эс алууну башка күндөргө жылдырууну өтүнөт.

Эртең, 10-августта түнкүсүн жана күндүз көпчүлүк аймакта өткүн өтөт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан нөшөрлөп жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +20…+25, күндүз +29…+34,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +14…+19, күндүз +27…+32,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +21…+26, күндүз +31…+36,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +23…+28.

Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +25…+30.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндү өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +22…+24, күндүз +31…+33 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM