Кыргызгидромет билдиргендей, 10-августтан 12-августка чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Мекеме бийик тоолордо жүрүш жасоону жана саякаттоону, капчыгайларда, дарыя жээктеринде эс алууну башка күндөргө жылдырууну өтүнөт.
Эртең, 10-августта түнкүсүн жана күндүз көпчүлүк аймакта өткүн өтөт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан нөшөрлөп жаашы мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +20…+25, күндүз +29…+34,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +14…+19, күндүз +27…+32,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +21…+26, күндүз +31…+36,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +23…+28.
Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +25…+30.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндү өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +22…+24, күндүз +31…+33 градус болот.