Connect with us

«Кылдан кыйкым издебегиле». Жапаров спортчуларга түзүлгөн шарттар боюнча айтты

Кыска кабар | 9 Авг 2024 | 456 | 0

Президент Садыр Жапаров Франциянын Париж шаарында өтүп жаткан Олимпиада оюндарына катышкан кыргызстандыктар үчүн жеткиликтүү шарт түзүлбөгөндүгү тууралуу «Кабар» агенттигине комментарий берди.

Садыр Жапаров майда-чүйдө нерседен кыйкым издеп, жакшы кетип бараткан иштерди бурмалай бергендерди сындады.

Мамлекет акыркы төрт жылда спортчуларга жакшы көңүл буруп келе жатканын, ошол үчүн бүгүнкүдөй жыйынтыктар болуп, медалдарды алып жатканын белгиледи.

Ошол эле учурда уюштуруу жагынан Олимпиадалык комитеттен кемчиликтер бар экенин айтты.

«Мисалы, диетолог менен психолог жагын да карап коюшса болмок. Ал эми тамак-аш жагынан уюштуруучулардын (Париждин) тамагы жакпаса, спортчулар ар бири өздөрү үчүн кам көрүп алса деле болмок. Олимпиадага кетер алдында 15-20 күн мурда ар биринин колуна тамак-аш, витамин, кийим-кечек керек болсо сатып алгыла деп 5 миң доллардан бергенбиз. Кыскасы, баскан-тургандары кененирээк болсун дегенбиз.

Парижде тамак-ашы кенен эле экен. Бирок тамак-аштын түрлөрү бирине жакса, экинчисине жакпашы мүмкүн. Бири балык жегиси келсе, башкасы эт жегиси келет дегендей. Биз кыргыздар этсиз тура албайбыз да. Ошол үчүн ар бир спортчубуз өз курсагына кам көрүш керек болчу» , — деди Садыр Жапаров.

Президент балбандарга эң кымбат витаминдер алынганын, мурда жатаканаларда жашап жүргөн спорчуларга батирлерди алып, ижара акысы төлөнгөнүн айтты.

«Мурда спортчуларыбыз эл аралык мелдештерге барарда акчалары өз убагында бөлүнүп берилбей, каражат жок, ар кимден карыз алып, мелдешке кетип жүргөн күндөрү болгонун өз көзүбүз менен көрүп жүрбөдүк беле. Анын баарын тез эле унутуп калдыкпы? Мелдештерге барып келип, андан кийин акчалары колдоруна тийген кезде карыздары менен эсептешип жүргөндөрүн мен өз көзүм менен көргөм. Ал күндөр эми артта калды. Мындан ары эми андай болбойт. Кыскасы, “Көрө-көрө көсөм болом” дегендей, кийинки Олимпиадага кандай даярдыктар менен баруу керектигин билип алдык. Кийинки Олимпиадага спортчуларыбызды казан-казан эт, куржун-куржун казы карталар менен жөнөтөбүз. Азырынча кылдан кыйкым издебей, андан көрө спортчуларыбызга дем берип, колдоп туралы» , — деди өлкө башчы.

Ушул күндөрү Парижде Олимпиада оюндары өтүүдө. Кыргызстандан 16 спортчу барган. Учурда үч коло, бир күмүш медаль бар.

Социалдык тармакта Олимпиадага барган спортчуларга түзүлгөн шарттар, тамак-ашы боюнча талкуу кызыды.

Copyright © 2017 Maral FM