Биз менен байланышыңыз

УКМК Эркин Мамбеталиевдин кармалышы боюнча маалымат берди

Кыска кабар | 9 Авг 2024 | 258 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Эркинбек Мамбеталиев кримтөбөл Р.Акматбаевге, ошондой эле мурда өзгөчө оор кылмыштары үчүн соттолгон К. Асанбектин кылмыштуу тобуна тиешеси бар экендиги тууралуу кабарлады.

Тактап айтканда, Мамбеталиев узак убакыт бою кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) боюнча иш-аракеттерди жүргүзүп, көп сандаган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү, батир, жер тилкелерди, коммерциялык объекттерди, кымбат баалуу автомобилдерди жакын туугандарына каттаган жана алардын көпчүлүгүнүн эч кандай уруксат берүүчү документтери жок болгон.

Уюшкан кылмыштуу топко катышуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында УКМК кызматкерлери тарабынан тинтүү иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжада ок атуучу куралдардын арсеналы алынып, 4 млн АКШ долларынан ашык мыйзамсыз жол менен алынган мүлктөр аныкталды.

Мындан улам, Мамбеталиев Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгү (Уюшкан топко катышуу) боюнча Каракол ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына камалды. Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM