Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик чегинде күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыска кабар | 8 Авг 2024 | 259 | 0

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 8-августта саат 13:12де өлкө аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөө Ош облусунун  Алай районунун Бор-Дөбө айылында 3 балл, Нура айылында 2 баллга (Бор-Дөбө айылынан 20 чакырым түштүк-чыгышта, Нура айылынан 45 чакырым түштүк-батышта, Ош шаарынан 140 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилген.

Алдын ала маалыматка караганда жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Copyright © 2017 Maral FM