Биз менен байланышыңыз

Түркия Эл аралык соттогу Израилге каршы жараянга кошулат

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Авг 2024 | 843 | 0

Түркия Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Гаагадагы Эл аралык сотунда геноцид маселесине байланыштуу Израилге каршы жүрүп жаткан процесске кошулуу үчүн 7-августта расмий арыз берди.

Бул тууралуу 5-августта түрк тышкы иштер министри Хакан Фидан билдиргенин Борбор Азия жаңылыктар кызматы маалымдады.

Түркия Газада ХАМАСка каршы жүргүзүп жаткан согушу үчүн Израилди бир нече жолу сындаган. Өлкө президенти Режеп Тайып Эрдоган палестиндерди ачык колдоп, Израилди «варвардык кылууда» деп айыптаган.

Түштүк Африка былтыр 29-декабрда БУУнун Гаагадагы Эл аралык сотуна арыз менен кайрылган. Аталган өлкө Израилди Газа секторунда палестиндерди геноцид кылып жатат деп айыптап, согушун токтотуу талабын коюуну өтүнгөн.

Эл аралык сот 26-январда Түштүк Африка мамлекетинин Израилге каршы арызы боюнча баштапкы чечимин жарыялаган. Анда Израил Газадагы «геноцид» аракеттерин алдын алуу үчүн болгон чараларды көрүүгө, андай аракеттерге тиешеси барларды жазалоого жана сектордогу гуманитардык кырдаалды жакшыртууга милдеттендирилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM