Биз менен байланышыңыз

Ымыркайларды төрөт үйүндө каттаган долбоор иштей баштады

Кыска кабар | 7 Авг 2024 | 228 | 0

Кыргызстанда ымыркайларды каттай турган санариптик долбоор ишке ашты. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева маалымат жыйынында кабарлады.

Эми төрөт үйүнөн ымыркайдын төрөлгөндүгү тууралуу маалымат дароо Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментине түшөт. Ал эми бала төрөлгөндөн кийин 60 күн ичинде баланын ата-энеси туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу үчүн кайрылбаса, социалдык кызматкерлер үй-бүлөгө барып, жаңы төрөлгөн балага документ алуу керектигин эскертип турат.

Буга чейин Кыргызстанда жаңы төрөлгөн балдардын 7-10 пайызы (10 миңге жакыны) туулгандыгы тууралуу күбөлүк алышкан эмес. Муну менен алар төрөт боюнча жөлөкпул, медициналык кызматтар, бала бакчага кирүү, мектепке баруу сыяктуу кепилденген мамлекеттик кызматтарды албай калышкан.

“Өкмөттүк акселераторлор” программасын ишке ашыруунун алкагында 2024-жылдын май айында бир нече мамлекеттик органдардын маалыматтык системаларын интеграциялоо жүргүзүлдү.

Натыйжада бул бардык жаңы төрөлгөн балдарды каттоо процессин натыйжалуу көзөмөлдөөгө жана алардын толук документтештирилишин камсыздоого мүмкүндүк берген.

2024-жылдын 25-майынан 22-июлуна чейин ата-энелери документтерди алуу үчүн кайрылбаган 876 баланын 398и туулгандыгы тууралуу күбөлүк алышкан. Калган балдар боюнча социалдык кызматкерлер тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM