Биз менен байланышыңыз

Олимпиада: Акжол Махмудов көңүл жубатуучу беттеште атаандашын жеңди

Кыска кабар , Спорт | 7 Авг 2024 | 436 | 0

7-августта Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан Акжол Махмудов 77 кг салмакта коло медал үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк бере турган көңүл жубатуучу беттешке чыкты.

Махмудов оюндун алгачкы бөлүгүндө колумбиялык Хаир Алексис Куэро Муноз менен күч сынашып, мөөнөтүнөн мурда 9:0 эсебинде утту.

Эми ал коло медаль үчүн азербайжандык Санан Сулейманов менен күрөшөт. Беттеш Бишкек убактысы боюнча кечки саат 22:10до башталат.

Махмудов 8/1 финалдагы беттеште АКШ балбаны Камал Амир Бей менен күрөшүп, аны 4:1 эсебинде жеңген.

Чейрек финалда казакстандык балбан Демеу Жадраевге утулган. Жадраев жарым финалда азербайжандык Санан Сулаймановду утуп, финалга чыккан. Буга байланыштуу күрөш эрежесине ылайык, финалга чыккан балбандын атаандашы көңүл жубатуучу беттешке чыгат. Ал таймаштан утса, коло байге үчүн күрөшөт.

25 жаштагы Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча Дүйнөнүн эки жолку, Азиянын үч жолку чемпиону. 2021-жылы Токио Олимпиадалык оюндарынын күмүш медалын уткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM