Эртең, 8-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу аймактарда өткүн өтөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +18…+23, күндүз +33…+38,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +13…+18, күндүз +31…+36,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +33…+38,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +24…+29.
Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +25…+30.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +21…+23, күндүз +36…+38 градус болот.