Биз менен байланышыңыз

Жоламан Шаршенбеков Олимпиаданын коло байгесин утту

Кыска кабар | 7 Авг 2024 | 347 | 0

Грек-рим күрөшү боюнча балбан Жоламан Шаршенбеков Париж Олимпиадасында грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмакта коло медалын утту.

Жоламан Шаршенбеков коло үчүн беттеште ирандык Мехди Мохсен Нежадды 3:1 эсебинде жеңди.

Муну менен балбан Шаршенбеков Кыргызстанга Париж-2024 олимпиадасынын алгачкы медалын алып келди.

Жоламан кечээ, 6-августка караган түнү жарым финалда жапон балбаны, Токио олимпиадасынын күмүш медалынын ээси Кеничиро Фумитага 3:4 эсебинде жеңилген болчу.

Copyright © 2017 Maral FM