Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик ипотекалык компания жаңы программа иштеп чыкты

Кыска кабар | 6 Авг 2024 | 644 | 0

Мамлекеттик ипокекалык компания тарабынан «Менин үйүм» аталышындагы жаңы программасы иштелип чыкты.

Компаниянын төрагасынын орун басары Тилек Жээмбаев маалымат жыйында билдиргендей, программаны ишке ашыруунун алкагында турак жай менен камсыз кылууга комплекстүү чараларды колдонуу пландалууда. Алар турак жай курулушунун көлөмүн арттырууга, анын наркын төмөндөтүүгө, турак жайды каржылоо, ипотекалык кредит берүү шарттарын жакшыртууга өбөлгө түзөт.

2030-жылдын аягында жалпы суммасы 100 млрд сомдон кем эмес каржылоо тартылат, анын ичинде эл аралык донорлор да бар.

Эки млн чарчы метрден кем эмес көлөмдөгү турак жайды сатып алуу жана анын курулушу каржыланат. 40 миңден кем эмес үй-бүлө турак жай менен камсыз кылынат.

Ошондой жаңы программада арыз берүүчүлөрдүн жаш курагы 21ден 18 жашка чейин төмөндөтүлдү.

Кыргызстанда 2016-жылдан бери Мамлекеттик ипотекалык компания банктар аркылуу 9,5 миңге жакын насыяны каржылаган. Анын ичинен 9,4 млрд сомго 4 миң насыя “Менин үйүм 2021–2026” программасынын алкагында берилип, 203,5 миң чарчы метр турак жай сатып алынды.

2021-жылдан баштап мамлекеттик турак жай программасын республикалык бюджеттен каржылоо жагынан мамлекеттик колдоо кыйла көбөйгөн. Бир жарым жылда толугу менен коммерциялык банктар аркылуу мамлекеттик ипотекалык кредиттөөгө багытталган республикалык бюджеттен 4,5 млрд сом бөлүндү.

Пайыздык чен жылдык 4% га деңгээлине төмөндөтүлдү, кредиттин мөөнөтү 25 жылга чейин узартылды.

Учурда Бишкек, Жалал-Абад, Нарын жана Каракол шаарларында аянты 700 миң чарчы метр, баасы 36 млрд сом болгон 11,3 миң батир курула баштады. Курулган турак жай жаңы “Менин үйүм” программасынын катышуучуларына турак жайды каржылоо механизмдери аркылуу берилет.

Бүгүнкү күндө мамлекеттик ипотекалык компаниядан үй алуу үчүн 12 миңден ашык жаран кезекте, ал эми 100 миңден ашуун жарандын электрондук өтүнмөсү каттоо процессинде турат.

Copyright © 2017 Maral FM