Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Абдрахманов көчөсүндөгү оңдоо иштери толук аяктады

Кыска кабар | 5 Авг 2024 | 139 | 0

Бишкекте Байтик Баатыр/Абдрахманов көчөсүн капиталдык оңдоо иштери толук аяктаганын мэриянын басма сөз кызматы 5-августта кабарлады.

Чүй проспектисинен Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачык.

Абдрахманов көчөсү Токомбаевден Жибек Жолу проспектисине чейин оңдолду. Анда бордюрлар орнотулуп, асфальт жаңыланды. Жол боюндагы электр мамыларына байланыш зымдарын жер астынан тартуу иштери уланууда.

Мэрия жолду реконструкциялоо мөөнөтү 30 күн эрте бүткөнүн билдирди. Жумуштарды «Технотоп» компаниясы аткарды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM