Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын Аскер прокурору алмашты

Кыска кабар | 2 Авг 2024 | 381 | 0

Жыргал Исмаилов Башкы прокурордун орун басары — Аскер прокурору болуп дайындалды. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду.

Жыргал Исмаилов буга чейин Башкы прокуратуранын Ыкчам-иликтөө иштерин жана тергөө иштерин көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысынын орун басары кызматын аркалап келген.

Буга чейинки аскер прокурору Мирбек Расулов ​​башка кызматка өткөнү кабарланды. Расулов ​​бул кызматты 2023-жылдын декабрынан бери аркалап келген.

Copyright © 2017 Maral FM