Connect with us

Рамзан Кадыров Өзбекстандын президентине эки асыл тукум жылкы белек кылды

Дүйнө , Кыска кабар | 31 Июл 2024 | 441 | 0

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктап, эки асыл тукум жылкы белек кылды. Бул тууралуу Кадыровдун Telegram каналына таянып Борбор Азия жаңылыктар кызматы маалымдады.

«Анын бул асыл жаныбарларды сүйөрүн жакшы билем. Ошондуктан бул белек ага жагат деп ишенем», – деп жазды Кадыров.

Чеченстандын башчысы ошондой эле Өзбекстандын президентинин өз ара кызматташтык мамилелерди бекемдөөгө кошкон салымын белгиледи.

«Мен Шавкат Миромоновичке жана Өзбекстандын бардык жашоочуларына чын жүрөктөн чыккан каалоолорумду айта барууну өтүндүм. Чеченстанда биз ортобузда бир туугандык мамилелер калыптанганына өтө сыймыктанабыз жана аны баалайбыз. Албетте, мында Шавкат Миромоновичтин жеке өзүнүн салымы чоң», – деди Кадыров.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 24-июлда 67ге чыкты.

Быйыл май айында Рамзан Кадыров Өзбекстанга сапар жасап, атасы, Чеченстандын биринчи президенти Акмат ажы Кадыровго байланышы бар жерлерге барган. Акмат Кадыров 1982-жылы Бухарадагы Мир-Араб медресесин аяктап, 1986-жылы Ташкент ислам институтун бүтүргөн.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM