Connect with us

Кыргызстанда алгачкы транзиттик аба каттамы ачылды

Кыска кабар | 31 Июл 2024 | 342 | 0

«Манас» эл аралык аэропорту Кытай, Түштүк Корея жана Малайзияга жаңы каттамдарды ачууну пландоодо. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропорту башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов маалымат жыйынында айтты.

Хайнань, Шанхай, Инчхон, Куала-Лумпур шаарларына аба каттамдарын ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Ошондой «Манас» аба майданынын тарыхында биринчи ирет транзиттик каттам ачылды. Ал Сеул-Загреб багыты боюнча учат.

«Аталган каттам жумасына үч жолу учат. 35 киши 2 саатка биздин аэропортто тыныгышат. Бул каттамга билеттер 90 күн эрте сатылат. Эмки жылы бул каттам менен биздин жарандар Европага да учуп калат», — деп белгиледи аэропорттун коммерция боюнча директору Аман Мамаев.

Мындан тышкары, Кыргызстандан АКШга жаңы авиакаттам ачуу пландалууда. Бул маселе АКШнын Кыргызстандагы элчилиги менен талкууланып, жыл соңуна чейин аэропорттун иши менен таанышууга америкалык адистер келет.

«Манас» эл аралык аэропорту 6 айда 3 млрд сомго таза киреше тапкан. Жалпы кирешеден сырткары 2 млрд 864 млн сом таза киреше түшкөн.

Copyright © 2017 Maral FM