Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан 29-июлда алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишинин алкагында 84 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алуу учурунда Кыргызсандын жараны С.Ч.Ч.кармалды.
Маалыматка караганда, бул акча каражаты абитуриенттерди борбордогу жогорку окуу жайлардын бирине ийгиликтүү кабыл алуу үчүн алынган.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча иштер жүрүп жатат.
Атайын кызмат кайсы окуу жай тууралуу сөз болуп жатканын жана кармалган адамдын кызматы тууралуу толук маалымат берген жок.