Биз менен байланышыңыз

Тажикстандын президенти Иранга барды

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Июл 2024 | 230 | 0

30-июлда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон иш сапары менен Иранга барды. Бул тууралуу тажик мамлекет башчысынын басма сөз кызматына таянып Борбор Азия жаңылыктар кызматы маалымдады.

Ирандын мамлекеттик ЖМКлардын маалыматына караганда, бул күнү Тегеранда жаңы шайланган президент Масуд Пезешкиан ант берип, расмий кызматка киришет.

Инаугурациялык иш-чарага 70тен ашык чет өлкөлүк делегация катышары күтүлүүдө. Рахмон баштаган тажик делегациясынын курамында өлкө парламентинин жогорку палатасынын төрага орун басары, тышкы иштер министри, чет элдик байланыштар боюнча президенттин жардамчысы жана башка расмий бийлик өкүлдөрү бар.

69 жаштагы Пезешкиан 5-июлда өткөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасында ашынган консерватор, катаал режимдин жактоочусу Саид Жалилини 53,7% добуш менен жеңген. Жалилини шайлоочулардын 44,3% колдогон.

Пезешкиан 2008-жылдан бери парламент мүчөсү, 2016-2020-жылдары спикердин орун басары болгон. Иран бийлигинин милдеттүү түрдө хижаб кийүү боюнча чечимин сындап, Батыш менен сүйлөшүүлөрдү жактаган. Ошол эле маалда Хаменеинин саясатын жолдой турганын убада кылган.

Ирандын мурдагы президенти Эбрахим Раиси, тышкы иштер министри Хосейн Абдоллахиян жана башка бир нече киши бараткан тик учак 19-майда Ирандын Азербайжан менен чек арасында кырсыкка учурап, ичиндеги сегиз кишинин баары каза болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM