Биз менен байланышыңыз

Доллардын төмөндөшү боюнча түшүндүрмө берилди

Кыска кабар | 30 Июл 2024 | 455 | 0

Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев 30-июлда өткөн маалымат жыйынында өлкөдө валюта базарында абал туруктуу экенин айтты.

Ал доллардын курсунун төмөндөп жатышы сезондук факторлорго байланыштуу экенин билдирди. Жайкысын туристтик агымдын жогорулашы аркылуу доллардын көбөйөт. Бул анын курсунун төмөндөшүнүн бир себеби.

“Кыргызстанда валюта курсу өзгөрүлмө мүнөзгө ээ. Валютанын алмашуу курсу бир катар факторлордун эсебинен калыптанат. Анын ичинде суроо-сунуштардын негизинде да түзүлөт. Ошондой эле валюта курсуна сезондук факторлор да таасирин тийгизет. Доллардын көлөмү жогорулаганда ушундай тенденция сакталат. Улуттук банк күнүгө валюта курсундагы абалды көзөмөлдөп жатат”, — деди ал.

Сомдун долларга карата курсун туруктуу кармоо үчүн Улуттук банк жыл башынан бери 15 жолу интервенция жасады. Анын ичинде үч ирет доллар сатылып, 12 жолу сатып алынды. Интервенциялардагы таза сатып алуу 308 млн АКШ долларын түздү.

Учурда доллардын расмий курсу 30-июлга карата 84 сом 3 тыйын деп белгиленген.

Ал эми бир евро — 91 сом 2 тыйын, бир орус рубли 0,9737 сом, казак тенгеси 0,1776 сом.

Copyright © 2017 Maral FM