Биз менен байланышыңыз

Эрдоган Түркия палестиналыктарга жардам берүү үчүн Израилге кириши мүмкүн экенин айтты

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Июл 2024 | 582 | 0

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Анкара палестиналыктарга жардам берүү үчүн Израилге кириши ыктымал экенин айтты. Муну менен ал Түркиянын Ливия жана Тоолуу Карабактагы аракеттерин эске салды.

Борбор Азия жаңылыктар кызматы маалымдагандай, Эрдоган бул жөнүндө бийликтеги «Адилеттик жана өнүгүү» партиясынын Ризе шаарындагы жыйынында сүйлөп жатып билдирди.

«Израил Палестинада акылга сыйбас иштерди кылбашы үчүн биз абдан күчтүү болушубуз керек. Тоолуу Карабак менен Ливияга кандай кирсек, аларга да ошондой кыла алабыз, буга эч тоскоолдук жок», — деди Эрдоган.

Reuters агенттиги жазгандай, 2020-жылы Анкара өз аскерлерин Ливиянын БУУ тарабынан таанылган Улуттук макулдашуу өкмөтүн колдоо үчүн жөнөткөн. Ал эми Түркия Азербайжандын Тоолуу Карабактагы аскерий операциясына тиешеси жок экенин билдирген. Ошол эле учурда былтыр түрк бийлиги жакын союздашын колдоо үчүн бардык ыкмаларды, анын ичинде аскерлерди даярдоо жана модернизациялоо боюнча жардамды колдоно турганын билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM