Биз менен байланышыңыз

Абитуриенттерди жогорку окуу жайларга кабыл алуунун үчүнчү туру башталды

Кыска кабар | 29 Июл 2024 | 450 | 0

Бүгүн, 29-июлда жогорку окуу жайларга абитуриенттерди тандоонун үчүнчү туру башталды. Арыздарды кабыл алуу 31-июль саат 14:00гө чейин жүргүзүлөт.

Кабыл алуунун биринчи жана экинчи турунда жалпы 44 миң 438 талон катталып, анын ичинен бюджеттик негизде окууга – 16 миң 402, контрактык негизде окууга – 28 миң 36 талон түштү.

II турдун жыйынтыгы менен ЖОЖдорго 20 миң 342 абитурент кабыл алынды.

2024-2025-окуу жылына карата жогорку окуу жайларына тандоо “Абитуриент онлайн” автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу V тур менен жүргүзүлөт. Кабыл алуу графиктери менен таанышуу үчүн бул шилтеме аркылуу кирүү керек: https://edu.gov.kg/posts/3197/

Copyright © 2017 Maral FM