Биз менен байланышыңыз

Президент элчиликтерге батир жана кеңселерди мамлекет сатып берерин айтты

Кыска кабар | 29 Июл 2024 | 387 | 0

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтеринин жана өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери үчүн сатып алына турган батирлер жана кеңселер боюнча “Кабар” улуттук агенттигине комментарий берди.

Президент мындан ары дипмиссиялар үчүн имаратты, батирлерди мамлекет сатып берерин айтты. Себеби ижарага алганда чыгымы көп болууда.

«Мисалы, Нью-Йоркто БУУдагы биздин өкүлчүлүк бар. Андагы өкүлүбүзгө 30 жылдан бери ижарага батир алып берип келет экенбиз. Айына 5 миң доллар ижара акысын төлөп жатыптырбыз. Элестеткиле эми, 30 жылда канча акчабыз кеткенин. Бир эле өкүлүбүзгө 4 батирдин акчасы кетиптир.

Эгер тээ башында эле 1 батир сатып бергенибизде, 10 эле жылда өзүн актап, түбөлүккө мамлекеттин менчиги болуп калмак. 4 батирдин акчасы жөн эле ижара акысына кетип калыптыр. Ушунун баарын мурдагы жетекчилер, министрлер ойлонуш керек эле да, алар кайдыгерлик кылышкан. Эми деле кеч эмес деп, бардык элчилерге, консулдарга жана чет өлкөлөрдөгү кызматкерлерибизге батирлерди сатып берип жатабыз» , — деди президент.

Анын маалыматына караганда, Кыргызстандын 30 өлкөдө элчиликтери, 11 өлкөдө консулдуктары, БУУда өкүлчүлүгү бар. Ар бир элчиликте, аз дегенде, 6-7ден көп кызматкер иштеп келет. Ар бири ижарага батир алат. Алардын баарына ижара акысы мамлекеттин казынасынан төлөнүп берилет.

Мамлекет эми батир менен кеңсе сатып берсе ал мамлекеттин менчиги болуп кала берет.

Copyright © 2017 Maral FM