Кыргызгидромет билдиргендей, 29-июлда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын, Ош облустарынын тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Түштүк-батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +20…+25, күндүз +34…+39,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +15…+20, күндүз +33…+38,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +20…+25, күндүз +34…+39,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +28…+33.
Нарын облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +29…+34.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +23…+25, күндүз +37…+39 градус болот.
Ысыктан коргонуунун эрежелери