Биз менен байланышыңыз

«Балыкчы-Кочкор — Кара-Кече» темир жолунун 40 чакырымы курулат

Кыска кабар | 28 Июл 2024 | 414 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-июлда «Бишкек-2» темир жол бекетине пландан тышкары барганын президенттин администрациясынан кабарлашты. Мамлекет башчы Бишкек-2 темир жол бекетин реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Темир жол бекети 1938-жылы курулган. Акыркы он жылда темир жол бекетинин имаратында капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес.

Президент «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигине жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу боюнча бардык сын-пикирлерди эске алууну жана аларды жоюу боюнча керектүү чараларды көрүүнү тапшырды.

Андан соң поезд менен Балыкчы шаарына барды. «Кыргыз темир жолу» ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев узундугу 186 чакырымды түзгөн «Балыкчы-Кочкор — Кара-Кече» темир жолунун курулушунун жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, 38 чакырымга чейин жол полотносу жана суу өткөрүүчү түтүктөр курулду. Жыл аягына чейин жалпысынан 40 чакырым темир жолду бүткөрүү пландалууда.

2022-жылы «Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече» темир жолунун курулушу башталган.

Copyright © 2017 Maral FM