Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлгө жүргүнчү ташыган маршруттук унаалар текшерилүүдө

Кыска кабар | 28 Июл 2024 | 539 | 0

Жайкы туристик мезгилде ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы Бишкек шаарында жайгашкан автобекеттерде жана Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарына кире беришинде жүргүнчүлөрдү ташыган автоунааларды текшерип жатат.

Анда айдоочулардын лицензиялык талаптарды сактоосу жана жалпы жол эрежелерин бузбоо боюнча профилактикалык текшерүү, көзөмөлдөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Андан тышкары айдоочуларды өз убагында наркология бөлүмүнөн ден соолугу, кан басымы текшерилип, унааларын техникалык кароодон өткөрүп туруу зарыл экендигин эскертишүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM