Биз менен байланышыңыз

Бишкекте дагы 200 жарнак тактасы алынды

Кыска кабар | 28 Июл 2024 | 359 | 0

Бишкек шаарынын Жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча башкармалыгы “Тазалык» муниципалдык ишканасынын атайын бөлүмү менен биргеликте темир жарнамаларды алуу иштерин улантууда.

Ошондой эле, П, Г жана T түрүндөгү жарнамалык түзүмдөр алынып жатат. Демонтаждалган жарнак такталарынын саны 200дөн ашты.

Бул тышкы жарнама такталарын  жаңыртуу жана борбордун эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу боюнча олуттуу кадам болуп саналат.

Мэрия ишкерлерге кайрылып, жарнама такталарын өз ыктыяры менен демонтаждоону  суранат. Эскирген темир конструкцияларды заманбап LED экрандарга алмаштыруу керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM