Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан июнда майга караганда 24 эсе көп газ экспорттоду

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Июл 2024 | 391 | 0

Өзбекстандын Статистика агенттигинин отчетуна ылайык, өлкө быйыл июнь айында сыртка 181,5 миллион долларга газ саткан. Бул өткөн жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчкө салыштырмалуу 2,4 эсеге, быйылкы жылдын май айына салыштырмалуу 24 эсе көп.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы маалымдады.

Акыркы жарым жылда Өзбекстан чет өлкөлөргө 241,4 миллион долларга тете газ саткан. Тактап айтканда, январь айында 21 миллион долларга, февралда 5,7 миллион долларга, мартта 18,7 миллион долларга, апрелде 6,9 миллион долларга, май айында 7,6 миллион долларга газ экспорттогон.

Мурдараак Кытайдын Башкы бажы башкармалыгы жыл башынан бери Өзбекстандан дээрлик 235 миллион долларга газ импорттолгонун билдирген. Кытайдан тышкары Өзбекстан Кыргызстан менен Тажикстанга да газ жеткирет.

Быйылкы жылдын январь-апрель айларында Өзбекстан тыштан 809,5 миллион долларга газ импорттогон. Бул 2023-жылдын ушул эле мезгилиндеги көрсөткүчтөн төрт эсе көп.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM