Биз менен байланышыңыз

Сузак бир мандаттуу округунда 22-сентябрда шайлоо өтөт

Кыска кабар | 25 Июл 2024 | 323 | 0

Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 22-сентябрга дайындалды. Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.

Сузак бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып келген Тазабек Икрамов 19-июлда депутаттык мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазган. БШК аны мандатынан ажыраткан.

17-июлда Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине суракка чакырылганы кабарланган. Бирок кайсы иш боюнча экени маалымдалган эмес.

Copyright © 2017 Maral FM