Биз менен байланышыңыз

Нурбек Талантбеков улуттук «Манас» театрынын жетекчиси болду

Кыска кабар | 24 Июл 2024 | 331 | 0

Нурбек Талантбеков Кыргыз улуттук “Манас” театрына жетекчи болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри кол койду.

Жаңы жетекчини эмгек жамаатына министрдин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев 24-июлда тааныштырды.

Буга чейин Нурбек Талантбеков директордун милдетин аткаруучу, орун басары кызматын аркалап келген.

15-июлда Азиз Биймырза уулу улуттук «Манас» театрынын жетекчиси кызматынан бошотулган.

Аталган театр 2021-жылдын сентябрь айында «Манас» эпосун, ошондой эле кенже эпосторду жана манасчы, дастанчылардын чыгармачылыгын сактоо жана жайылтуу максатында негизделген.

Президенттин ушул жылдын 17-февралдагы жарлыгы менен ага улуттук макамы ыйгарылган.

Copyright © 2017 Maral FM