Биз менен байланышыңыз

Орусияга сүт, балык азыктарын ташууга киргизилген чектөөлөр алынды

Кыска кабар | 25 Июл 2024 | 253 | 0

Кыргызстандан Орусияга сүт жана балык азыктарын ташууга киргизилген чектөөлөр алынды. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Самат Насирдинов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, эки тараптуу ведомстволор аралык сүйлөшүүлөрдүн негизинде былтыр коюлган чектөөлөр жоюлду.

«Бир ай мурда Ветеринардык кызматы, Экономика жана коммерция министрлиги менен биргеликте Орусиянын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Чектөөлөр алынып салынды. Бирок мурдагыдай эле көзөмөлдөө иштери күчөтүлөт. Биздин ишкерлер коюлган белгилүү бир талаптарды бузбай, техникалык регламентке ылайык иш алып баруулары керек», — деди ал.

Орусиянын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматы 2023-жылдын башында Кыргызстандан балык азыктарын, 21-апрелден тарта сүт азыктарын Орусияга ташууга тыюу салган.

Copyright © 2017 Maral FM