Биз менен байланышыңыз

Зомбулукту жашырбай, сүрөт аркылуу айткан италиялык Луизанын окуясы

Билим-маданият | 24 Июл 2024 | 1231 | 0

Бишкекте италиялык сүрөтчү Луиза Пильоненин «Жашыруун күндөлүк-күзгү артында жашоо» аталышындагы жеке көргөзмөсү болуп өттү. Пильоненин сүрөттөрү толугу менен аялдын жан дүйнөсүнө, жашоону кабыл алуусуна арналат. Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейине анын 40 эмгеги коюлду.

Көргөзмөнүн максаты зомбулукка кабылган аялдар унчукпай коюнун ордуна өзүнүн укугу үчүн күрөшүп, сөз менен же болбосо искусствонун дагы бир түрү менен айтып чыгууга үндө.

Сүрөтчү Луиза 42 жашта. Ал үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдардын бири. Луиза мурунку жолдошунан 2 жарым жыл запкы көргөн. Пильоненин зомбулукка кабылган аялдардан өзгөчөлүгү, көргөн кыйынчылыктарын жашырбай сүрөт аркылуу айтканында.

Луиза Пильоне Италияда зомбулукка кабылган аялдар тууралуу жергиликтүү гезиттерде жазылган окуяларды кесип алып сүрөттөрүнө кошуп чыккан.

ЛУИЗА ПИЛЬОНЕ, сүрөтчү:

-Менин сүрөттөрүм аял катары башымдан өткөн кыйынчылыктарды айтуунун жолу. Өзүм да үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган соң, мен сыяктуу аялдарды түшүнүп, аларга жол көрсөтү үчүн бул темага кайрылдым. Сүрөт аркылуу жан дүйнөмдөгү сезимдеримди, көргөн запкыларымды, сөз менен айта албаган ойлорумду айта алдым. 

Луиза Пильоненин сүрөттөрүнүн ар биринде өзүнүн башынан өткөргөн окуясы бар. Ал күйөөсүнөн зомбулук көргөн 2 жарым жылын тозокто жашадым дейт. Ал эми бул сүрөттөр ошол учурдан чыккандагы Луизанын дүйнөгө жана аялдарга айткан сөздөрү.

«Кайрыма этиштер»

«Жетишет! Рахмат!»

«Батыраак кетип калчы»

«Баары бир гүлдөйт»

Уюштуруучулардын айтымында, «Жашыруун күндөлүк-күзгү артында жашоо» көргөзмөсүнөн түшкөн каражатка зомбулукка кабылган аялдарга жардам берилип, аларга психологиялык жактан колдоо көрсөтүлөт.

Маалыматка ылайык, Луиза Пильоненин көргөзмөгө коюлган эмгектеринин оригиналы Италияда 5 миң евродон жогору турат. Ал эми Бишкекте бир топ эмгектердин көчүрмөсү коюлган, алар 6 миң сомдон сатылат.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева искусство аркылуу зомбулуктун бар экенин элге жеткиришбиз керек дейт:

-Үй-бүлөлү зомбулук бир гана Кыргызстан эле эмес, дүйнө жүзүндө болуп келе жатат. Өлкөдө үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун саны жылдан жылга өсүп келүүдө.

Акыйкатчы институту өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында, 2017-жылы кабыл алынган үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргоо жана сактоо деген мыйзамыбыз бар. Ушул мыйзам боюнча кабинеттик мыйзам жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында биз, Министирлер Кабинетине жана башкы прокурорго аталган мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөп бериңиз деген тийиштүү кат жолдодук. Ар бир мамлекеттик орган өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде тийиштүү иш аракеттерди алып баруусу зарыл.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда 2022-жылы үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылгандардын саны 8 миңден ашса, 2023-жылы 13 миңге жеткен. Ал эми быйыл беш айда үй-бүлөдөгү зомбулукка байланыштуу 6200дөй учур катталган.

 

Copyright © 2017 Maral FM