Биз менен байланышыңыз

УКМК: Бишкекте жолдорду куруу мөөнөтү бузулгандыгы үчүн кылмыш иши козголду

Кыска кабар | 24 Июл 2024 | 316 | 0
УКМК тараткан сүрөт

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкек шаарында жолдорду куруу мөөнөтү бузулгандыгы үчүн кылмыш иши козголгонун кабарлады.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын бир катар көчөлөрүн реконструкциялоодо жана курууда тийиштүү милдеттемелерди аткарууну кечеңдетүү жана аткарбаган фактылар аныкталды.

2023-жылдын башында «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы тарабынан борбордогу 19 жолдун жана жөө жүргүнчүлөр өтө турган жолду капиталдык оңдоо үчүн өткөрүлгөн тендерлердин жыйынтыгында 145 млн сом суммасында “Б.Г” компаниясы иш жүргүзөрү аныкталган. Жумушту аяктоо мөөнөтү 2024-жылдын март айына белгиленген.

Бирок комиссиялык текшерүүнүн жыйынтыгында бүгүнкү күндө 9 гана көчө иш жүзүндө бүткөрүлгөнү такталды.

“Б.Г” ЖЧКсы тарабынан курулушту кечиктирүүнүн себептери катары курулуш техникасынын жетишсиздиги, мыйзамсыз курулуштарды бузуу зарылдыгы, жашыл аянттарды кесүү жана кыюу, электр мамыларын которуу ж. б. ар кандай жагдайлар белгиленген. Бирок текшерүүнүн жүрүшүндө алар тастыкталган эмес.

«Бишкекасфальтсервис» ишканасын каржылоо келишимдерде белгиленген шарттарга ылайык жүргүзүлгөн. Мындан тышкары, буга чейин бүткөрүлгөн көчөлөрдүн ар кандай мүчүлүштүктөрү жана кемчиликтери аныкталып, подряддык уюмга аларды жоюу зарылдыгы көрсөтүлгөн.

Компаниянын жетекчилиги милдеттенмелерин талаптагыдай аткарбагандыгын моюнга алып, бардык иштерди 2024-жылдын 20-августуна чейин бүтүрүүгө убада берген.

Copyright © 2017 Maral FM