Биз менен байланышыңыз

ӨКМ: Арстанбаптагы селден тогуз үйгө, бир соцобъектиге суу кирген

Кыска кабар | 24 Июл 2024 | 415 | 0

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда алдын ала маалымат боюнча 9 турак жайды, бир социалдык объектини жана соода дүкөндөрдү сел каптаган.

Сел сууларын тазалоого 24-июль күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 77 куткаруучу тартылып тазалоо жумуштары саат 07:00дө башталган.

Жарандык коргонуу кызматтарынан техникалар тартылып, сел каптаган ички чарбалык жолдорду калыбына келтирүү жумуштары жүргүзүлүүдө.

Мындан сырткары селге аккан автоунаа ээлерин тактоо жана унааларын коопсуз жайга чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

23-июлда саат 18:30 чамасында нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары Арстанбап айылынын ички жолдорун каптаган.

Copyright © 2017 Maral FM