Биз менен байланышыңыз

Ошто соодагерлер митингге чыгып, төрт катышуучу кармалды

Кыска кабар | 22 Июл 2024 | 426 | 0

Ош шаарындагы борбордук базарда соода кылгандардын нааразылык акциясы өтүп, төрт аял милиция тарабынан кармалганы кабарланды.

Шаардык ички иштер башкармалыгынан маалыматты тастыкташты. Милиция акциянын катышуучулары массалык баш аламандыкка чакырууга шектелип жатканын билдирди.

Укук коргоочу Гүлгакы Мамасалиева белгилегендей, кармалган аялдар эки саттан кийин кое берилген.

Сот тарабынан Ош шаарында 2024-жылдын декабрына чейин тынчтык митингдерин өткөрүүгө тыюу салынган. Митингдерди шаардагы Муминов жана Руставели көчөлөрүнүн кесилишиндеги Ататүрк паркында гана өткөрүүгө уруксат берилет.

Бүгүн, 22-июлда Ошто борбордук базардын көчүрүлүшүнө каршылык билдирип топтолгон соодагерлер убактылуу иштеп жаткан көпүрөлөрдү калтырып туруу жана базарды көчүрүүнүн убактысын узартууну талап кылышкан.

Шаар мэри Бакытбек Жетигенов соодагерлер менен жолугуп, жаңы муниципалдык базардын орду жана түзүлүп бериле турган шарттар тууралуу айтып берген.

Борбордук базардын ишмердүүлүгү боюнча Ош шаарынын мэринин орун басары Марс Исаев маалымат берип, борбордук базарда дагы эки ай соода кылууга уруксат берилгенин айтты.

«Бүгүнкү күндө селдин нугун буруп, базарга ашып кетүүсүнө негиз болгон базардын тегерегиндеги мыйзамсыз курулган көпүрөлөр, бетон тосмолор гана бузуп алып салынууда. Анткени кайрадан сел келип кырсык болуп кетпөөсүнө кепилдик жок. Мэрия адам өмүрүнө жана коопсуздугуна жоопкер катары кырсыктын алдын алууга милдеттүү. Ал эми жаңы базар эки ай аралыгында толук курулуп бүтүп, борбордук базар жаңы муниципалдык базарга чыгарылат. Андыктан жаңы муниципалдык базар бүткөнгө чейин соодаңыздарды жүргүзө берсеңиздер болот» , — деди ал.

14-июлда катуу жаандан кийин Оштогу Ак-Буура дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, борбордук базарды, бир катар айылдарды сел каптады. Анын кесепетинен беш киши каза болуп, турак үйлөр, көпүрө, жолдор жарактан чыккан.

Атайын комиссия түзүлүп, Ак-Бууранын айланасындагы мыйзамсыз курулуштарды тактоо иштери башталган.

Башкы прокуратура 22-июлда билдиргендей, Кара-Суу жана Базар көчөлөрүндөгү Ак-Буура дарыясынын суу коргоо зонасында жайгашкан жер тилкелеринде он жөө адамдар өтүүчү көпүрө жана башка соода түйүндөрү курулушка уруксат берүүчү архитектуралык иш кагаздары жок курулгандыгы аныкталды.

Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иш козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM