Биз менен байланышыңыз

Ташиев Чыныбай Турсунбековдун кыздарынын кармалышы боюнча үн катты

Кыска кабар | 22 Июл 2024 | 516 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев парламенттин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбековдун кыздарынын кармалышы боюнча комментарий берди.

Ал 7-каналга берген интервьюсунда: “Чыныбай Турсунбековдун кыздары 2010-жылы Максим Бакиевге тиешелүү «Акылинвестбанкты» рейдерлик жол менен тартып алышканын айтты. Чыныбай Турсунбеков аялы Нуржан Тентимишовага каттатып, атын «Капитал банк» деп өзгөртүшкөнүн, ошондон бери «Капитал банк» болуп иштеп келе жатат” , — деп билдирди.

Мындан сырткары, Бишкек арак заводун 1,5 гектарга жакын жери менен кошо мыйзамсыз менчиктештирип алышканын айтты.

Чолпон-Ата шаарында 18 гектар жерди да мыйзамсыз алып, «Акун» деген пансионат салып алышканын кошумчалады.

«Биз аны тартып алып аткан жокпуз. «Жердин баасын мамлекетке төлөп койгула деп жатабыз» , — деди Ташиев.

Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Чыныбай Турсунбековдун эки кызы кармалганы өткөн апатада белгилүү болгон. Айдай Турсунбекова 24-августка чейин камакка алынганын Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы тастыктаган.

Турсунбековдун дагы бир кызы Бегимай Чыныбай кызы 26-августка чейин үй камагына чыгарылган.

Соттун маалыматына караганда, аларга Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси (“Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)”) менен иш козголгон.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 2022-жылы декабрда Ысык-Көлдөгү «Акун» пансионатына мыйзамсыз берилип кеткен 371 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылганын билдирген.

2008-жылы Ысык-Көл райондук соту тарабынан “Акун” пансионатынын жеке менчигине Кара-Ой айылында жайгашкан 17,65 гектар жер тилкесин берүү боюнча мыйзамсыз чечим чыгарылган, анын натыйжасында ыйгарым укуктуу мамлекеттик каттоо органы тарабынан жеке менчик укугуна мамлекеттик акт мыйзамсыз берилген.

Copyright © 2017 Maral FM