Биз менен байланышыңыз

Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар боюнча кылмыш иши козголду

Кыска кабар | 22 Июл 2024 | 339 | 0

Ош облусунун Кара-Суу жана Базар көчөлөрүндөгү Ак-Буура дарыясынын суу коргоо зонасында жайгашкан жер тилкелеринде он жөө адамдар өтүүчү көпүрө жана башка соода түйүндөрү курулушка уруксат берүүчү архитектуралык иш кагаздары жок курулгандыгы аныкталган.

Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Мындай факты боюнча прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иш козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Башкы прокуратура Ош шаарынын архитектуралык-курулушту контролдоо боюнча шаардык башкармалыгынын, Ош регионалдык шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын, Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматынын Ош аймактар аралык башкармалыгынын, Ош бассейндик суу чарба башкармалыгынын жана Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Ош филиалынын кызмат адамдары өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү деңгээлде аткарышпаганын билдирди.

Алар Ош шаарынын Кара-Суу жана Базар көчөлөрүндөгү Ак-Буура дарыясынын суу коргоо зонасында жайгашкан жер тилкелеринде курулган мыйзамсыз курулуштарды буздуруп, алып салуу боюнча чара көргөн эмес.

Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын корук аймагында жайгашкан курулмаларды, жер тилкелерин тактоо иштерин жүргүзүү үчүн комиссия түзүлгөн.

14-июлда катуу жаандан кийин Оштогу Ак-Буура дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, борбордук базарды, бир катар айылдарды сел каптады. Анын кесепетинен беш киши каза болуп, турак үйлөр, көпүрө, жолдор жарактан чыкты.

Copyright © 2017 Maral FM