Биз менен байланышыңыз

Израилдин Йеменге жасаган соккусунан үч адам каза таап, 87 адам оор жараткат алды

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Июл 2024 | 440 | 0

20-июлда Израилдин учактары Йемендин Ходейда портуна жакын жердеги хусилердин аскердик объектилерине соккусунан кеминде үч киши каза таап, 87 адам жарадар болду. Бул окуя Иран колдогон Йемендик топтун учкучсуз учагы Израилдин борбору Тель-Авивге сокку ургандан бир күндөн кийин болду.

Йемендин саламаттыкты сактоо министрлиги жарадарлардын көбү мунай объекттерине жана электр станциясына жасалган чабуулдардан улам оор күйүк жана түрдүү жаракаттарды алышканын билдирди.

Ходейда шаарынын тургундары катуу бомбалоо учурунда жардыруулардын добуштары шаардын бардык тарабында угулганын билдиришти.
Израилдин аскерий өкүлү портту хусилер Ирандан курал-жарак алуу максатында колдонгон деп айыптады.

Хусийлердин Жогорку Саясий Кеңеши соккуларга “эффективдүү жооп” берилерин белгиледи. Хусийлердин аскерий өкүлү Яхья Сари хусилер “Израилдин душманынын маанилүү буталарына сокку уруудан баш тартпайт”,-деди.

Йоав Галлант: «Учурда Ходейдада күйүп жаткан өрт бүткүл Жакынкы Чыгышта көрүнүп турат жана анын мааниси айдан ачык. Израилдин жаранына зыян келген учурда сокку урабыз»,-деди Израилдин коргоо министри.

Йеменден учурулган Ирандын узак аралыкка учуучу учкучсуз учагы 19-июлда Тель-Авивдин борборуна сокку урган, анын кесепетинен бир адам кайтыш болуп, төртөө жаракат алган.

Нетаньяху эл аралык коомчулукту Тегеранга жана анын ишенимдүү өкүлдөрүнө – хуситтер, Хамас жана Хезболлага – эл аралык  кысымды күчөтүүгө чакырды.
«Ким туруктуу жана коопсуз Жакынкы Чыгышты көргүсү келсе, Ирандын жамандык огуна каршы туруп, Израилдин Иранга жана анын ишенимдүү тараптарына каршы күрөшүн колдошу керек»,-деди Нетаньяху.
Ал арада Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Насер Канаани Израилдин чабуулдарын айыптап, сионисттердин коркунучтуу авантюризминин натыйжасында чыңалуунун күчөшү жана аймакта согуштун жайылуу коркунучу бар экенин эскертти

Өз билдирүүсүндө Хезболла да Ходейдага кол салууну айыптап, муну «акылсыз кадам» бул уланып жаткан тирешүүдө жаңы жана кооптуу баскычты билдирет» деп атады.
Газадагы согуш уланып жаткандыктан, хусилер палестиналыктарга тилектештик кылып жатканын айтып, Израилге жана Батыш буталарына кол салууларын күчөтүштү.

Хусий кыймылынын башчысы Мохаммед Абдулсалам X каналында: «Израилдин ырайымсыз агрессиясы Йемендин Газага колдоо көрсөтүүсүн токтотуу максатында жарандык имараттарга, мунай объекттерине жана Ходейда электр станциясына каршы багытталган», — деди.
Сауд Аравиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы падышалыктын Ходейдага кол салууга тиешеси жок экенин айтып, Сауд Аравия «эч бир тараптын аба мейкиндигине киришине уруксат бербей турганын» кошумчалады.
Египет Израилдин соккусуна “чоң тынчсыздануу менен” көз салып жатканын билдирди.
7-октябрдан бери уланып жаткан согуштан 39 миң палестиналык көз жумду жана Израиль тараптан 1200 адам каза тапты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM