Биз менен байланышыңыз

Мечиттерде жол эрежелерин сактоого чакырган баяндар айтылууда

Кыска кабар | 19 Июл 2024 | 526 | 0
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тараткан сүрөт

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын демилгеси менен өлкөнүн бардык мечиттеринде Жума намазы учурунда топтолгон элге дин кызматкерлери жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү, эскертүү иш-чараларын жүргүзүшүүдө.

Айрыкча катуу ылдамдыкта айдагандарга, карама-каршы тилкелерге чыккандарга, мас абалында унаа башкаргандарга жана Жума намазына келген учуруда мечиттердин айланасына унааларды туура эмес жерлерге токтоткон жарандарга кайрылып, мыйзамда жана шарияттын тартибинде көрсөтүлгөн эрежелерге баш ийүүгө чакырышууда.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери Жума күндөрү намаз учурунда мечиттердин айланасында жол коопсуздугун көзөмөлдөйт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM